Made in China же кыргыз экономикасы Кытайдын көлөкөсүндө калабы?

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСварщик. Архив
Сварщик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендүүлүк жылдары өлкөнүн чыгыш тараптагы коңшусу Кытай менен экономикалык көп карым-катнаштары пайда болду. Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкөнүн экономикасында "кытай факторунун" мааниси канча экенин аныктап көрдү.

БИШКЕК, 1-июн — Sputnik. Кыргызстан Кытайга ата мекендик 42 ишкананын тизмесин – айрымдарын сатыкка, башкаларын Кытайдын өндүрүштөрүн көчүрүп келүүгө сунуштады. 

Эки күн мурун Бишкекте көргөзмө-жармаңке ачылып, анда кытай ишкерлери токтоп турган ишканаларды инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, башка долбоорлорду, мисалы, аукционго алынып чыга турган кен жайлары менен да тааныша алды.

Бул долбоорлорго катышуу КРдин экономикасында бекем орун алган кытай ишкердиги үчүн саамалык эмес. Sputnik редакциясы кайсы ата мекендик долбоорлор made in China экенин аныктады.

Кайра экспортто жана товар жүгүртүү

1990-жылдары чек аралар ачылып, өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери Кытай товарларынын чоң агымы келип, айрым бөлүгү "Дордойго" түшө баштаган. Бул базардын товар жүгүртүү көлөмү (2008-жылдагы каатчылыкка чейин), эксперттердин баасы боюнча 7 миллиард долларга жетип турган. Товарлардын негизги бөлүгүн кыргызстандыктар коңшулаш өлкөлөргө алып чыгып, реэкспорт менен алектенишкен.

Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трактор же iPhone. Министр Кытай заводдорун Кыргызстанга алып келүү жөнүндө
Бирок акыркы жылдары анын көлөмү кыскара баштады. Буга Евразиялык экономикалык биримдик түзүлүп, ал сырттан келүүчү товарларга карата салыкты жогорулатуу менен өз өндүрүшчүлөрүн коргой башташы бирден бир себеп болду. 

Анда кытай ишкерлери башка жол табышты. КРдин ЕАЭБге мүчө болушунан пайдаланып, алар "бурамалык" өндүрүштөрдү түзө башташты. Максаты — Кытайдын тетик-бөлүктөрүнөн даяр продукцияны чогултуу жана ЕАЭБдин 180 миллиондук рыногуна тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу. Мисалы, өткөн жайда Ошто кыргыз-кытай компаниясы турмуш-тиричилик техникасын, ал эми ошондой эле ишкана Бишкекте тракторлорду чыгара баштады. Мурдагы жылы болсо Нарын облусунун Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу фабрика иштей баштаган. Кытайдын инвесторлору өндүрүшкө 1,5 миллион жумшап, план боюнча бут кийимдерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттошу керек.

Электр жарыгын өткөргүчтөр, ТЭЦ жана жолдор же кытайлар салган "кылым курулуштары" 

КЭР компаниялары өтө ири улуттук долбоорлорду ишке ашырып, ошондой эле алардын үстүндө учурда иштеп жатышат. 

Кытайдын эң ири энергетикалык компанияларынын бири ТВЕА өткөн жылдын аягында "Датка — Кемин" электр линиясынын курулушун аяктады. Долбоор 390 миллион долларга бааланган, бирок ал өткөргүчтүн аркасында өлкө энергетикалык өз алдынчалыкка жетип, электрдин башка өлкө аймагы аркылуу келишинен көз каранды болбой калды.

Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Уран Чекирбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик кичи ГЭС долбоорлорунун токтотулуш себебин түшүндүрдү
Ошол эле ТВЕА, талаш-тартыш, ызы-чууларга карабай, дагы бир маанилүү болуп эсептелген 386 миллион долларлык Бишкектеги жылуулук электр борборун (ТЭЦ) жаңылоо долбоорун ишке ашырууда. Анын аркасы менен ТЭЦ толугу менен ата мекендик көмүргө өтүп, ал эми анын кубаттуулугу 812 мегаватка жетип, мурдагыдан эки эсе көбөйөт. 

Кыргызстанда жолдорду негизинен Кытайдын гранттары менен насыяларына салынып, кытай тараптын талабы боюнча куруш подрядчылары КЭРдин компаниялары гана болот. Мисалы, China Roadand Bridge Corporation (Чайна Роуд энд Бридж Корп.) Бишкек — Нарын — Торугарт, түндүк — түштүк жана башка ири жолдорду кайра оңдоп жана куруу боюнча тендерди утуп алган.

Премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетишине себеп болгон Балыкчы — Корумду жолун кайра курууга тендерди да Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жеңген.

Инвестициялык долбоорлор

Кытайлыктар нефтини кайра иштетүүчү эки ишкананы: Токмоктогу 60 миллион доллардык заводду жана Кара-Балтадагы 300 миллиондук заводду курушту. Бул эки ишкананын жалпы кубаттуулугу 1,1 миллион тоннадан ашат, бирок чийки заттын жетишсиздигинен жана башка көйгөйлөргө байланыштуу заводдор толук кандуу иштей элек. 

Кытайлыктар тоо-кен өнөр жайына да аралашкан. Мисалы, өткөн жылдын жайында Талды-Булак Сол жээк кен жайында өндүрүш ишке берилип, анда алтындын кору 60 тоннага жетет. Акциянын басымдуу бөлүгү (60 пайызы) Кытайдын "Цзы цзинь" корпорациясына, 40 пайызы "Кыргызалтын" ААКга тиешелүү. Быйыл Жалал-Абад облусунда Иштамберди алтын кен жайы иштетиле баштады. Аны да Кытайдын Full Gold Mining ишканасы жүргүзүп жатат. 2016-жылы 750 килограмм баалуу металл өндүрүү пландалган. 

Акча жана эл

Кытай ишкердигинин мынча бекем орун алышы, ошондой эле Кыргызстандын долбоорлорун үзгүлтүксүз ишке ашыруу КРде көп сандагы кытай жарандарынын келишине алып келди. Мисалы, эмгек квотасы менен иштеп жаткан 12 миңден ашык чет элдиктердин ичинен дээрлик 10 миңи КЭРден келгендер. Бирок көпчүлүк бул сандын аныктыгына ишенбейт. Кытайлыктардын так саны расмий берилип жаткандан бир топ арбын деп эсептелет.

Экскаватордун ковшун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым кылымдык кептер: Кыргызстандагы кагаз бетинде калган ири долбоорлор
Көпчүлүк долбоорлор, анын ичинде жолго жана энергетикага тиешелүүлөрү Кытайдан алган карыздардын эсебинен аткарылууда. Натыйжада Кытай биздин өлкөнүн эң ири насыя берүүчүсүнө айланды. КРдин Каржы министрлигинин 31-мартка карата маалыматы боюнча, мамлекеттин азыркы 3 миллиард 646 миллион доллар карызынын 1,3 миллиардын Кытайга кайтарышыбыз керек.

Бул материалда кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгынын айрым гана бөлүгү чагылдырылган, чынында ал мындан бир топ кеңири. 

Ошондой эле тизмеге азырынча кагаз жүзүндө турган долбоорлор кирген жок. Таш-Көмүрдө (Жалал-Абад облусу) минералды жер семирткич заводун куруу жөнүндө кытай инвесторлору менен сүйлөшүүлөр бир нече жыл жүргөн. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун жана Түркмөнстандан Кытайга газ түтүгүн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0