КРдин оппозициясы үчүн "Виагра", же Аудиожазуу "жаз-2016" үчүн түрткү болобу

Жазылуу
Азыр Кыргызстанда оппозиция кандай күчкө ээ жана эмне үчүн ал "виагра" ичиши керектиги жөнүндө эксперттер менен саясатчылар ой толгошту.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik, Таалайбек Ороскулов. 30-мартта Бишкектин борборунда оппозиция митинг өткөрүүнү пландап жатат. Ал мурдараак 24-мартта Ошто өтүшү керек болчу деп билдирди уюштуруучулардын бири Адил Турдукулов.

Жазгы маанайдагы митинг 

Бишкек мэриясынан митинг өткөрүү жөнүндө билдирүү бир нече күн мурун келгенин айтышты. 

"Акция мыйзамдуу негизде өтүп жатат. Биз тартипке көз салып жана таштандыларды жыйнашыбыз гана керек", — деди маалымат кызматынын башчысы Гуля Алманбетова.

Бишкектин ШИИБнен митинг өткөрүү жөнүндө билдирүү келе электигин белгилешти. 

"Азырынча маалымат түшө элек. Адатта тынчтык митингдер чуулгансыз өтөт", — дешти ШИИБнын маалымат кызматынан.

Оппозициялуу-конструктивдүү 

Турдукулов акцияга Аксынын өкүлдөрү, түштүк борбордон активисттер жана бийликтин чек ара маселелери боюнча, ошондой эле оппозициялык лидерлердин кармалышына байланыштуу саясатына макул эмес катардагы адамдар катыша турганын белгиледи. 

Анын айтымында, акция үч миңге жакын адамдын катышуусунда өтөт.

"Мүмкүн, мындан аз же көп чогулар. Бирок азыркы кезде оппозициялык маанайдагы коомдун арасында биримдик жок, дал ушул жагдай өз ара баш кошууга тоскоол кылып жатат", — деди Турдукулов.

Анын пикиринде, интернетке чыккан аудиожазууларга байланыштуу оппозициялык лидерлерди кармоого байланышкан кырдаал эл арасындагы нааразылык маанайды жандандырышы мүмкүн.

Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Үңкүр-Тоо тууралуу жасалма протокол — Бекназаровдун провокациясы
"Бийликтин оппозицияга карата саясаты абалды улам тереңдетүүдө деп эсептейм. Менимче, дал ушул бириктирүүчү күч болот. Ошол эле учурда биз мыйзамга каршы аракеттерди колдобойбуз. Баары укук чегинде болушу керек", — деп белгиледи оппозициячы.

Турдукуловдун оюна "Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү" кыймылына кирүүчү "Бишкек форуму" бирикмесинин лидери Адахан Мадумаров да кошулат. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына оппозициялык лидерлерди кармоо бийликке жакшылык алып келген жери жок жана ал мунусу менен элди каршы аракеттерге өзү даярдап жатат деп билдирди.

"Төңкөрүштү талкуулашкан имиш делген аудиожазуу үчүн оппозициячыларды кармоого терс карайм. Ар бир адам эркин ой жүгүртүп, өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу, анын үстүнө, бийликти түшүрүүгө карата ачык чакырык болгон эмес", — деди Мадумаров.

Саясаттагы "экстремалдуу спортту" жактабай турганын жана "Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү" кыймылы каршы аракет көрүүнүн башка, бир топ жогорку деңгээлине өткөнүн белгиледи ал. 

"Биринчи кезекте, биз интеллектуалдык деңгээлде иш жүргүзүп жатабыз, бул болсо өз жемишин эртең же бүрсүгүнү бербейт. Конструктивдүү күчтүү оппозицияга өз таламдаштарын жай, бирок ишеничтүү өстүрүү менен жетишүүгө болот", — деди оппозициячы. 

Эксперттик-аналитикалык

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Кыргызстандагы чар-жайыт оппозициялык кыймыл аморфтуу жана күчсүз болуп калды деп эсептейт.

"Акыркы шайлоонун жыйынтыгы оппозициялык күчтөрдүн жер-жердеги лидерлеринен башкасы элдин колдоосуна ээ эместигин көрсөттү. Күчтүү активдүү оппозиция башка форматка өтүп жатканы айкын. Ал мыйзамдуу түргө ээ болууда", — деди эксперт.

Анын пикиринде, активдүү наразылык маанай азыр жок жана оппозициянын жандануусуна да олуттуу себеп-шарттар жок. 

Диктофон жана наушник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дастан Сарыгулов "оппозициянын бийлик бөлүшкөн" аудиосу тууралуу айтып берди
Бакетаев алдыдагы нааразылык акциялары жөнүндө "бизди жылуу-жумшак жаз күтүп турат" деген пикирин айтты. 

"Ошол эле учурда бийликке таламдаш түзүмдөргө каршы күчтүү аракеттерди келерки президенттик шайлоо боло турган жылдын жазында жана күзүндө күтсө болот. Бирок ошондо да баары, кыязы, мыйзам чегиндеги нааразылык акция менен чектелет", — дейт Бакетаев. 

Эксперт Марс Сариев Кыргызстанда негизи оппозиция жок жана бийлик да, оппозиция да мурдагы советтик номенклатуранын өкүлдөрү деп эсептейт.

"Жаңы идеологеманы көз карандысыздыктын 25 жыл ичинде эч ким сунуш кылган жок. Жана оппозициянын ролун ресурстар менен бийликке жетүүгө аракети кылган "нанай балдарынын күрөшүн" көрсөтүмүш болууда", — деди Сариев.

Дал ушул себептен улам азыр оппозициялык күчтөрдүн эл арасында кадыр-баркы жок, себеби электорат курулай убадалар менен 2005 жана 2010-жылдагы окуялардан чарчады деп белгиледи ал. 

Анын пикиринде, чыныгы конструктивдүү оппозиция жанданышы үчүн, ал коомду чечкиндүү аракеттерге алып келе турган жаңы идеялар менен чечимдер түрүндөгү саясий "виагра" ичиши керек. 

Бирок, аналитиктин ою боюнча, башка кыймылга көңүл буруу керек — КРде ислам идеологиясы ийгиликтүү активдешүүдө. Ал радикалдуу мүнөзгө ээ болбостон, жаратмандык маанайда саясатчылар көп күч-аракет жумшоосу керек. Буга мисал — экстремисттерди кармоого байланышкан белгилүү окуялар деп жыйынтыктады эксперт.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-майга чейин камакка алынды
Эскерте кетсек, 21-мартта Интернетте аудиожазуу пайда болуп, анда үч оппозициячы — Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев жана Бектур Асанов — бийликти зомбулук менен тартып алуу, аймактарда башаламандык уюштуруу жана акчаларды бөлүп алуу пландары жөнүндө сүйлөшкөн деп имиштелет. 

Оппозиция өкүлдөрү ал аудиожазуу монтаж деп билдиришкен. УКМК болсо аудиожазуу жасалма эмес, анык деп тааныды.

Бейшемби күнү бийликти зомбулук менен тартып алууну пландаган деген шек менен оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов кармалып, сот чечими менен 12-майга чейин камакка алынды. 

Бийликти зомбулук менен тартып алууга шектелип жаткан Дуулатбек Тургуналиевге издөө жарыяланды. 

Алардын аркасынан ошондой эле кылмышка шек менен Эрнест Карыбеков да кармалып, аны да сот тергөө учурунда камакка алууну чечти. 

Ошондон соң интернетте "Оппозиция бийликти бөлүштүрүп жатат" деп аталган Дастан Сарыгулов менен Карыбековдун катышуусундагы аудиожазуу пайда болду. Сарыгулов Sputnik Кыргызстан кабарчысына маек чынында болгонун, бирок оппозициячылар бийликти тартып алып, кызматтарды бөлүштүргөнү жатат деген мазмунда эместигин айтты. 

Дүйшөмбүдө Сарыгуловду УКМКга маек жүргүзүүгө алып келишкен. Ага КРдин КЖКнын "Бийликти зомбулук менен тартып алууга же бийликти күчтөп кармоого даярдануу" беренесинде каралган кылмыш жасады деген айып коюлду. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен аны үй камагында кармоо чарасы тандалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0