ЕАЭБ менен "экономикалык алкактын" кесилишиндеги Кыргызстан

© Фото / Роман ГайнановЖурналист Кубан Абдымен. Архив
Журналист Кубан Абдымен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБ курамына эле эмес, Улуу жибек жолундагы экономикалык алкак мамлекеттеринин да катарына кирип турган жаңы шартта өлкөнүн өнүгүүсүнө ишеним пайда боло баштаганын саясат таануучу Кубан Абдымен билдирет.

Кубан Абдымен, журналист, саясат таануучу

Мигранттар үчүн жаңы макулдашуунун артыкчылыктарын элчи айтып берди
Кытай менен Казакстандын ортосунда жайгашып, Россияга ээн-эркин кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин кызмат көрсөтүү, капитал жана товар айландырууну эркин жүргүзүүгө укуктуу болот. Бул тескерисинче, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга киргизилүүчү товарларга да тиешелүү. Евразиялык биримдикке кошулган мамлекеттер экономикалык абалдары ар түрдүү экенине карабастан, бирдей укукка жана бирдей милдеттерге ээ болушат. Кыргызстанда биримдикке кирүү өлкөнүн Кытай жана Түркия сыяктуу ири мамлекеттер менен болгон товар айлануусун кескин кыскартат деген кооптонуу да болгон. Акыры макулдашууга кедергиси тийген маселелер Бишкекте кыйла оор сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандын пайдасына чечилди. Натыйжада кыргыз мамлекети Кытай тараптан каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кытай продукциялары үчүн бажы жеңилдиктерине ээ болуп, ветеринардык кызматтардын аудитин жокко чыгарууга жетише алды.

Мамдума Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун ратификациялады
Эл аралык саясий кырдаалдын өзгөрүшү менен Кыргызстан буга чейин карманып келе жаткан тышкы саясий багытын аныкташы керек болду. ЕАЭБдин түзүлүшүнө чейин Кыргызстан жакынкы да, алыскы да чет мамлекеттер менен бирдей мамиле түзүп, тең салмактуулукту сактоого аракет кылып келген.  Алардын билдирүүсү боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын товар айлануусу жылына 1,2 миллиард долларды түзгөн. Мында аталган өлкөнүн импорту басымдуулук кылып келген. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жылдан жылга чыңдалып отуруп, 2013-жылы Кытайдын жетекчиси Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткенден кийин алардын  инвесторлору мурункудан да жигердүү иштей башташты. Батыш Кытайга Түркмөнстан менен Өзбекстандан келчү газ түтүктөрү Кыргызстандын түштүк облустары аркылуу өтмөй болду. Мындан тышкары, аталган өлкөнүн компаниялары көптөн бери республикада стратегиялык маанилүү автотрассаларды оңдоо жана кен казуу боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырып келе жатышат. Буга Кытайга чектеш жайгашкан аймактарын өнүктүрүп алууга далалаттанган Кыргызстан да кызыкдар. Кытай товарларынын Түштүк Азия жана деңиз мамлекеттеринин рыногуна, андан ары Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө чыгаруу үчүн жол маселесин кыйла жеңилдеткен темир жол магистралынын курулушу үчүн Пекин да коңшу мамлекет менен кызматташууну каалайт. 

Демек, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу Улуу Жибек жолундагы экономикалык алкак аттуу долбоордун үстүндө кызуу иштеп жаткан Кытайдын коңшусу менен болгон мамилеге таасирин тийгизет. Ири масштабдуу аталган долбоор 65 мамлекетти камтыйт. Анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттери да бар.

Атамбаев: ЕАЭБге өтүү мамкызматкерлерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөйт
Евразиялык экономикалык биримдик бир жагынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү үчүн ыңгайлуу болуп турат. Бирдиктүү рынок пайда болгонго чейин Кыргызстандын ЕАЭБге экспорту 40 пайызды түзүп келген. Биримдиктин чек араларында бажы постторунун түзүлүшү менен бул көлөм кыскара баштаган. ЕАЭБ мамлекеттери өзгөчө Кытай менен Түркиядан келген реэкспортту кыскартуу маселесин көтөрө башташты. Анткени, тигүү өнөр жайы үчүн кездеме дал ушул өлкөлөрдөн алып келинчү. Мындан улам Кыргызстан "экономикалык алкактагы" алдыңкы мамлекет болгон Кытай менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы кесилишкен аянтка айланды.

Бирок,  эгер Кыргызстан башка мамлекеттерден импорт көлөмүн кыскартууга мажбур болсо, өлкөнүн экономикасы жабыр тартары айдан ачык. Бул Кытайдан келчү товарлардын мисалында ачык көрүнөт. Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин, биринчи кезекте Россиянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун эске алсак, Бишкек эки аймактан тең курсак тойгузууга мүмкүнчүлүк алат. Бир жагынан Кыргызстан Кытай менен болгон финансы-экономикалык кызматташуудан эч убакта баш тарта албайт. Кыргызстандын тышкы карызынын жарымы – болжол менен 3,4 миллиард доллар кытай кредиттери. Бул жагдайды көз жаздымда калтырууга болбойт. Экинчи жагынан мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгы Россия жана Казакстан менен тыгыз байланышкан.

Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвалыктар Кыргызстандын таза суусу, балы, жашылча-жемиши менен этине кызыгууда
Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна 17 жылдан бери мүчө экенин да эстен чыгарууга болбойт. Анын үстүнө Кыргызстандын аталган уюмдагы ишмердүүлүгү ЕАЭБдин башка мамлекеттерине пайдалуу алып келиши толук мүмкүн. ЕАЭБ менен Кыргызстандын сүйлөшүүсүнөн кийин 170 товардын түрүнө үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөт менен жеңилдиктер берилди. Мындай жагдай ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдында Кыргызстандын аброюн арттырып, жергиликтүү ишкерлерге аз чыгаша менен биримдиктин курамындагы алгачкы жылдарында кирешесин көбөйтүп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан бул кырдаалда экономикасын реструктуризациялоо боюнча бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Курч атаандаштык шартында өнүгүү үчүн коңшу мамлекеттер менен экономикалык интеграция ар бир өлкө үчүн маанилүү. Жалпы жагдайга таасир тийгизүүгө жөндөмдүү жаңы биримдикке альтернатива табуу кыйын экенин уюмдун каршылаштары да жакшы түшүнөт. Аталган биримдиктин алкагындагы кызматташуунун маанилүү багыты болуп өлкөнүн индустриализациясы саналат.

Өнөр жай экономиканын негизги багыттарынын бири экени талашсыз. Качандыр бир кезде Кыргызстанда  өнөр жайдын экономикадагы үлүшү 56 пайызга жеткен. Учурда ИДП түзүмүндө эң көп үлүш тейлөө тармагына туура келет. Ал эми өнөр жай "Кумтөр" ишканасын эсепке алганда болгону 21 пайызды түзүп, ички дүң продукциянын теңине да жетпейт. Алдыдагы өзгөрүүлөргө ылайык, өлкө жетекчилиги мамлекетти импорт көз карандылыгынан экпорттук багыттагы экономикага чыгаруу маселесин көтөрүүдө.

Сариев: ЕАЭБге толук кошулсак эт, сүткө, жер-жемиштерге суроо-талап күчөйт
ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай тармагындагы кызматташуу аракети негизинен биримдиктин жалпы рыногунда үчүнчү өлкөлөрдөн келген өнөр жай товар импортун ЕАЭБ товарлары менен алмаштырууга багытталат. Буга ЕАЭБ боюнча өнөктөш мамлекеттер менен өз ара товар айландыруунун көлөмүн жогорулатуу, биргелешкен аракеттер менен кайра иштетилген продукциянын экспортун көбөйтүү, ЕАЭБде заманбап инновациялык инфраструктураны түзүү менен өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнү тездетүүнүн эсебинен жетүүгө болот. Демек, Кыргызстан ЕАЭБ курамына эле эмес, Улуу Жибек жолундагы экономикалык алкак мамлекеттеринин да катарына кирип турган жаңы шартта өлкөнүн өнүгүүсүнө ишеним пайда боло баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0