Жаңы башкы прокурорго мураска калган чуулгандуу иштер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры
Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомствонун жаңы келе турган башчысы аттуу-баштуу саясатчылар катышкан бир катар кылмыш иштерин териштирүүнү улантышы керек болот. Ал адамдардын айрымдары деги эле республикада жок.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянованын кызматтан кетиши коом үчүн күтүүсүз болду. Анын үстүнө бул тууралуу сөздөр Салянова расмий арыз жазганга чейин бир ай мурун эле пайда болгон. 19-январда парламент башкы көзөмөл органынын жетекчисинин кызматтан кетүүсүн кабыл алып, ал эми 22-январда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча жарлыкка кол койду. Аида Салянованын доору расмий аяктады.

Индира Жолдубаева: эч кимдин буюртмаларын аткарбайм
Жаш кадрлар келе жатат

Жаш жана, серепчилер менен саясатчылардын пикиринде, амбициялуу Индира Жолдубаеванын башкы прокурорлукка көрсөтүлүшү эч бир күтүүсүз болду. КСДП фракциясынан парламенттик депутат Абдыманап Кутушев "жаш жана амбициялуу кадрлардын келишине" кубанычтуу экенин билдирди. Бийик даражалуу жана жооптуу кызматка, ошондой эле "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого мамлекет башчысынын аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын директору Бөкөмбай Казаков, Ош областынын прокурору Айбек Тургамбаев талапкерленген эле. Аталган кызматка Жогорку Кеңеш 35 жашар талапкерди бекитсе, Жолдубаева айым КРдин жаңы тарыхына эң жаш башкы прокурор катары кирет. 

Азыртан эле президенттик аппараттын кызматкери Индира Жолдубаева парламенттик фракциялар менен комитеттердин кеңири колдоосуна ээ болууда. Ушул жумада ЖКнын пленардык отурумунда өтө турган добуш берүүнү гана күтө туруу керек.

Башкы прокуратура Аманбаеванын полномочиесин токтотуу керек деп эсептейт
Ар бир чиновник көзөмөл астында

Аида Салянова жетекчилик кылган төрт жыл ичинде Башкы прокуратура республика үчүн резонанстуу болгон жана саясий мүнөзгө ээ бир топ кылмыш иштерин демилгелеген. Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын башчысы 13 депутаттын, ошондой эле аткаруу бийлигинин ондогон өкүлдөрүнүн үстүнөн козгогон иштердин баары тең кылмыштуу мүнөзгө ээ болуп эсептелет. 

Коомчулукту өкүндүргөнү, бул иштердин аз гана бөлүгү аягына чыккан. Алардын ичинде Бишкектин мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Иса Өмүркуловдун, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаевдин үстүнөн козголгон иштер бар. Ошондой эле Башкы прокуратура кылмыш иштерде эл депутаттары Урмат Аманбаева менен Нурлан Төрөбековдун айыптарын далилдеди. Азыр ал иштер сотко өткөрүлгөн. Башкы көзөмөл органынын чыгарган бүтүмүнүн негизинде "Республика" парламенттик фракциясынын өкүлү Аманбаева депутаттык мандатынан ажырады.

Атактуу качкын саясатчылар 

Жаңы келе турган башкы прокурорду мурдагы прокурордон калган экономикалык, саясий тармактагы, ал турсун, депутаттар жана өлкөгө белгилүү адамдар катышкан кылмыш иштери күтүп турат. 

Өзүнө каршы кылмыш иши козголгон Оштун мурдагы башчысы Мелисбек Мырзакматов өлкөдөн белгисиз тарапка чыгып кетти. Ага мамлекетке 29 миллион сом зыян келтирди деген айып коюлууда. Кийинчерээк Башкы прокуратура ага эл аралык издөө жарыялаган.

Прокуратурага карматпай кеткен дагы бир качкын ата-журтчу Нурлан Сулайманов болду. Эки жарым жыл мурун прокуратура кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Сулайманов министр болуп турганда "ЖолМашКомплект" ЖЧКга жол-курулуш техникасын жана пайдалануу жабдыктарын мамлекеттик акчанын жардамы менен алып келүүгө колдоо көрсөтүү аракетин жасаган. Мамлекеттик казынага келтирилген зыян дээрлик 250 миллион сомго бааланат. Сулайманов кылмыш иши козголгондон кийин оорусуна байланыштуу Москвага качып кеткенге үлгүргөн. Ага да эл аралык издөө жарыяланып, ал эми тергөө иши убактылуу токтотулган.

Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов жакын арада кармалат
Ден соолугунун начарлыгы тергөө алдындагы дагы бир адамдын — Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун республикадан белгисиз багытта чыгып кетишине себеп болгон. 

Эң жогорку даражадагы мурдагы чиновник коррупция боюнча үч иште айыпталуучу болуп эсептелет. Буга 2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомун негизсиз сарпоо себеп болду. Бирок ден соолугунун начарлыгынан Келдибеков чет мамлекетке барып дарыланып келүү үчүн бир аз убакыт берүүгө сотту ынандырган. Ошондон бери Келдибековду прокуратура да, соттор да таба албай келет. Мурдагы төраганын изи Бириккен Араб Эмираттарына барып жоголуп кеткен. 

Өткөн жылы дагы бир парламентарий Башкы прокуратуранын иш объекти болду. Арнамысчы Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Россиялык Славян университетине абитуриенттерди киргизүүдө мыйзамсыз акча алгандыгы үчүн айыпталууда. Азыр бул боюнча тергөө иши улантылып жатат.

Башкы прокурорлукка жаңы талапкер дагы бир чуугалаңдуу ишти териштириши керек болот. Анда Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандык жана борбордук ЖЭБга көмүр алып келүүдө алдамчылык үчүн айыпталып жатат. Бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алып барууда, бирок айыпталуучулардын арасында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси да бар. 

Кыргызстандын башкы көзөмөл органынын иш-аракеттери тууралуу отчёт парламентке жазында берилет. Дал ошол отчёт Башкы прокуратуранын Салянованын жетекчилиги астындагы ишин көрсөтөт жана болочок башкы прокурорго белгилүү бир иш ыргагын берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0