Чыр-чатактан кийинки кайра калыбына келтирүүдө аксакалдардын ролу

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Аксакалдар
Архив: Аксакалдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт жылдан ашык убакыт өтсө да, окуяга анын кайталанышына жол бербей, сабак алуу үчүн кайрылып келебиз

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Людмила Олейникова. 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон чыр-чатак эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу окуя болду. Расмий маалыматтар боюнча анда 442 адам каза болгон. 

Төрт жылдан ашык убакыт өтсө да, ал окуяга дагы эле кылчайып карап жатабыз. Күнөөлүүлөрдү табыш үчүн эмес, толук айыга элек жараларды козгош үчүн да эмес, андай кандуу окуянын кайталанышына жол бербей, алардан сабак алуу үчүн кеп кылуу керек. 

Чыр-чатакты жөнгө салууда мамекеттик түзүмдөр, донорлор, жарандык коомдун уюмдары маанилүү роль ойногону шексиз. 

Бирок, көп учурда кырдаалды турукташырып, чыр-чатакты басууда, анын кесепеттерин жоюуда аксакалдардын салымы жөнүндө айтылбай калат. Башкалар барып иш жүргүзө албаган жерлерге, калктын ар кыл топторуна кирүүгө дал ошол аксакалдар жарады. Касташып турган тараптардын аларга болгон ишенимин сактоо менен, карыялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Байыртан биздин күнгө чейин 

Түрк элдеринде уруу-улуттук өз ара мамилелердеги чырлуу маселелер байыртан эле аксакалдар жыйындарына алынып чыгылчу. Карыялардын сөзү кооптуу мезгилдерде мизи кайткыс курч болгон. Түрк элдери тил табышуу чеберлиги, аксакалдардын сөзүн угуп, айткандарын эске алуу, элдик дипломатия ыкмаларын колдонуу менен келишүүчүлүк чечим табуу сыяктуу сапаттарды баалап келген. 

Совет мезгилинде Аксакалдар кеңешинин милдеттери үй-бүлөдөгү талаш-тартыштарды, салтка байланышкан чыр-чатактарды (кыздын калыңын берүү сыяктуу), майда жеке келишпестиктерди жөнгө салуу менен чектелген. Бирок Советтер Союзунун жоюлушу менен жана расмий институттардын жергиликтүү чыр-чатактарды чечүүдө натыйжасыздыгынан, аксакалдар институту өз иш-аракеттеринин чөйрөсүн кеңейте баштады. 1990-жылдардын акырында аксакалдар жергиликтүү чыр-чатактар курчуган учурда туруктуу иштей турган социалдык күчкө айланды. 

"Аксакалдардын жергиликтүү чыр-чатактарды чечүүдөгү активдүү расмий эмес институт катары калыптануусу жана өз иш-аракеттеринин чөйрөсүн кеңейтүүсү жергиликтүү расмий институттардын саясий жана экономикалык реформалардын натыйжасында алсыздалышына жооп иретиндеги аракет болуп эсептелет ", – деп белгилейт эксперт Темиркулов. 

Аксакалдардын кадыр-баркы – алардын негизги ресурсу 

2010-жылдагы Кыргызстанда болгон чыр-чатакта карыялар ортомчулук милдетин аткарып, кагылышууну жөнгө салууда өз таасирин тийгизди. Чыр-чатак күчөп бара жаткан мезгилде эки коомчулуктун тең аксакалдары ынтымакка чакырышты.

Аксакалдар өз коомунда гана эмес, коңшулар арасында да чоң кадыр-баркка ээ. Кыргызстандын түштүгүндө аксакалдар каршы тараптагы коомчулуктагы "кесиптештери" жана лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чыр-чатакты чечүүгө катышкан.

2010-жылдагы чыр-чатакты жөнгө салуудагы аксакалдардын ролу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан белгиленген. "Биз биздин карапайым жарандарыбызга, аксакалдарга ыраазы болушубуз керек. Алар чыр-чатактын биринчи сааттарынан баштап айылдарды көчөмө-көчө кыдырып, кызууланган топту, элди акылга келүүгө чакырышкан. Алар турак-үйлөргө, кварталдарга барчу жолдорду тороп, тирүү калканыч болуп, аялдар менен балдарды коркунучтуу жерлерден чыгарып, баш калка берип, зарыл жардамдарын көрсөткөн күндөр да болгон", – деген ал.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарынан билингендей, чыр-чатак учурунда касташып жаткан тараптарды элдештирүүдө Аксакалдар кеңештери өз ролун ойногон. Райондордун биринин башчысынын сөзүндө "аксакалдар тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр. Азыр баары тынч. Баары карыялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтүшүүдө. Ок атышуулар эми жок" деп билдирилген.

Андан сырткары, чыр-чатактан кийин түштүктө эл психологиялык жардамга муктаж болуп турганда, аны мечиттерде гана көрсөтө алышкан. Ал жерлерде аксакалдар элдешүү ырым-жырымдарын байма-бай өткөрүп, тынчтануу жана зомбулукту токтотуу чакырыктары менен чыгып турушкан.

"Эл аралык толеранттуулук үчүн фондунун" изилдөөсүнө ылайык, бул жагдайда жарандар диний ишмерлерге жана коомчулук лидерлерине кайсы бир кепилдик сурап жана эки анжы абалга кабылган элге жетекчилик кылуу өтүнүчтөрү менен кайрылышкан. Ал кезде калкты тынчтандырууга башка курал жок болчу. 

Ошентип, 2010-жылдагы чыр-чатакта Аксакалдар кеңеши өзүн активдүү институттардын бири катары көрсөттү. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Аксакалы узбеки и кыргызы слушают коменданта города Ош Курсана Асанова.
Архив: Аксакалы узбеки и кыргызы слушают коменданта города Ош Курсана Асанова. - Sputnik Кыргызстан
Архив: Аксакалы узбеки и кыргызы слушают коменданта города Ош Курсана Асанова.

Аксакалдардын тынчтыкты орнотуу мүмкүнчүлүгү

2010-жылы Кыргызстанда болгон чыр-чатактан кийин көпчүлүк уюмдар, о.э. донорлор Аксакалдар кеңешеринин тынчтыкты орнотуу мүмкүнчүлүгүнүн күч алышына көңүл бура башташты.

Ар түрдүү долбоорлордун алкагында жарандык коом уюмдары демилгечи топторду түзүп, аларды чатактардын алдын алуу ыкмаларына окутуп, сүйлөшүүлөрдү уюштуруп жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду киргизишүүдө. Көп сандаган аксакалдар ушундай демилгечи топторго да катыштырылып, коомчулуктар менен сүйлөшүүлөргө тартылып жатат. Мында алар өзүлөрүнүн бейрасмий инструменттерин жана донорлор менен бейөкмөт уюмдары түзгөн расмий жол-жоболорду айкалыштырып колдонушууда.

Аксакалдардын тынчтыкты орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу маанилүү экендигин түшүнүп, өкмөттүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында жергиликтүү деңгээлдеги кеңеш берүүчүлүк түзүмдөр уюштурулган. Алардын курамына, биринчи кезекте, ар түрдүү улуттагы жергиликтүү лидерлер – аксакалдар, активисттер, диний ишмерлер кирет. Бул аксакалдар кеңешине улуттар аралык саясаттын маселелерин талкууга катышууга мүмкүндүк берет жана тынчтыкты орнотуудагы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жаңы шарттарды түзөт. Аларга мамлекеттик бийлик органдары менен коомчулук ортосунда данакер болуу милдети жүктөлгөн. Карапайым адамдардын бийликке ишенимин кайра калыбына келтирүү чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүү процессине кошулган олуттуу салым. 

Андан сырткары, ар түрдүү улуттагы жашоочулардын ортосундагы мамилелердин бекемделиши көп жагынан аксакалдарга жараша экендигин бийлик мойнуна алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0