ИЛИМ жана Кыргызстан: коркунуч канчалык реалдуу?

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Сирия чек арачылардын өтмөгү
Архив: Сирия чек арачылардын өтмөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев жакында болгон Коопсуздук кеңешинин жыйынында диний фанатизмге каршы катуу чара көрүлө турганын билдирди.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Бүгүнкү күндө заманбап дүйнөгө жаңы бир кооптуулук кошулду жана ал дүйнөлүк эксперттер белгилегендей жетишерлик олуттуу. "Ирак жана Левант ислам мамлекети" (ИЛИМ) деп аталган террористтик уюм азырынча Ирак жана Сириянын аймагында иш алып барууда. Бирок анын постсоветтик мейкиндикке, анын ичинде Кыргызстанга тийгизген таасири канчалык экенин өз учурунда талдоо күндүн актуалдуу талабы болууда. 

Атамбаев диний фанатизмди айыптады
Уюм адегенде "Ирак жана Левант ислам мамлекети" деген аталышта ишмердигин жүргүзүп жаткан болчу. Жакындан бери ал жөн гана Ислам мамлекети (ИМ) деген аталышка жамына баштады, мунун маанисине карабай коюуга болбойт. Анткени жаңы аталыш менен алар географиялык жактан алкагын кеңейтип, Сирия менен Ирактын аймагынан чыгып таптакыр башка мүнөзгө, сапатка өтүп жаткан кыяз таанытууда. Бул аталыш биринчи кезекте жалпы мусулмандардын аты менен чыгып жатканы үчүн коркунучтуу.

Учурда постсоветтик мейкиндиктеги бир катар мамлекеттер, ошону менен катарда эле Кыргызстанда да СССРдин кулашы менен келген кайра трансформациялануу мезгилинде жашап жатат жана бул өлкөлөрдүн экономикалык чечилбеген маселелери жетишерлик. Эл аралык каржы уюмдарынын көмөгү менен бюджеттин тартыштыгын жоюп жаткан жакыр мамлекеттерде радикалдуу исламдын тарапташтары ар түрдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу калк арасында өз түшүнүктөрүн жайылтып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Кыргызстанда учурда салттуу болгон конфессиялар менен бир катарда эле, салттуу болуп эсептелбеген конфессиялар да иш алып барууда. Мамлекет диний чөйрөгө көңүл бурбаган кезде түрдүү чатактар, аймактар аралык кагылыштар жана мамлекеттин бүтүндүгүнө коопсуздук келтирген кесепеттерге туш болору айкын. Кыргызстандын диний жаатына жүргүзүлгөн талдоо көргөзгөндөй мамлекеттин дин тармагына кийлигишпөө саясаты ката стратегия экенин айкындап жатат. Эгемендик алгандан кийин өлкөдө динди өнүктүрүш үчүн абдан либералдуу шарттар түзүлгөн болчу. Мамлекет баарын жайына коюп четке чыга берген. Бирок Кыргызстан учурда өзүнүн жүргүзгөн мамлекеттик саясатынын оң жагын гана эмес, тескери натыйжаларын дагы көрүп жатат. Өлкөдө Сирияга согушуу үчүн кеткен жарандардын саны көбөйүп жатканы — бул тескери натыйжалардын катарын толуктай турган мисалдардын бири.

Сириянын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ИЛИМдин жоочуларынын эсебин Борбор Азия мамлекеттеринен, ошондой эле Кыргызстандан баргандар толуктоодо. Кыргызстандан аялдарды гана эмес, мектеп окуучуларын дагы согуш талаасына алып кетүү аракеттери катталууда. Бүгүнкү күндө Сириянын аймагында Кыргызстандын 100гө жакын жараны согуш талаасында курман болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин террорчулукка каршы бөлүмүнүн жетекчилеринин бири жергиликтүү сайтка билдирген. Ал ошондой эле террористтик уюмдар Кыргызстандан кыздарды да азгырып жаткандыгын, алар жихадчылардын торуна түшүп жатышканын айткан.

“Кыздар Сирияга барып жоокесептерге турмушка чыгышат. Эгер ал каза болуп калса, башкасына нике кыйылат. Ушинтип биздин кыздар колдон колго өтүшүүдө", — деген ал. Бул Кыргызстанда Сирияга согушка кетип жаткандардын жагдайына байланыштуу абалдын бир гана үзүмү. 

Кыргызстандан кетип жаткан жоочулардын санынын өсүп жатышына да көңүл буруу маанилүү. Бир эле жыл мурда Сирияга кеткен кыргызстандык жарандар беш манжа менен санагандай аз болсо, алардын саны учурда өсүп жатат. Радикалдашуу активдүү каршылыкка учурамайынча боло бермекчи. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2014-2020-жылдар үчүн диний тармакта мамлекеттик саясат жүргүзүү концепциясын жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынына сунуштап, диний фанатчылыкка жол бербөө тууралуу эскертти. Кыргызстанга окшогон мусулман өлкөлөрүндө ИЛИМ сыяктуу уюмдар таасири күчөсө, акыры аягы бир гана шариятка негизделген мамлекет курууга алып келүүнү эңсегендердин калың тобун пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, "Мамлекет динден ажыратылган" деген Баш мыйзамдын беренесине дыкаттык менен мамиле жасоо учуру келгендей.

Жаңылыктар түрмөгү
0