Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тарыхчы Абдинаби Кадыров: Баткендеги күзгү ташты каттоого алып, изилдейбиз

© Фото / Улан МаккамбаевТарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров
Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзгү таштар күңгөй тарапта жайгашкандыктан күндүн чагылуусунан бир топ жери сынып калган.
Тарыхчы Абдинаби Кадыров: Баткендеги күзгү ташты каттоого алып, изилдейбиз

Баткен районунун Достук айылынын адырында жайгашкан Күзгү таш аттуу жер каттоого алынып, тарыхчылар тарабынан изилденет. Бул тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирди. 

Анын айтымында, учурда бул таштар адам колунан жана күндүн чагылуусунан сынып жок болуп жаткандыктан, ал атайын коргоого алынмай болду.

"1871- жылы орус окумуштуусу Фетченко ушул жерге келип өзүнүн "Путешествие в Туркестан" деген китебинде Күзгү таш тууралуу жазып кеткен. Ошондой эле бул жер тууралуу Бабур хандын "Бабур нааме" китебинде "Исфаранын жогору тарабындагы адырлардын арасында бир күзгү таш бар. Ал таш узун келип, бою адамдын боюндай" деп жазылган жери бар", — деди тарыхчы.

Эл оозунда күзгү таш тууралуу айтылган уламыштарга караганда өзгөчө таштар адамдын жоготкон нерселерин, мал-жандыктарын көрсөтүп берчү экен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0