Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назгүл Эмилбекова: келгендер өз колу менен чымчыктарга азыктануучу жай жасашат

© Фото / Гулмайрам Султанова"Ырыстан" коомдук фондусунун ассистенти Назгүл Эмилбекованын архивдик сүрөтү
Ырыстан коомдук фондусунун ассистенти Назгүл Эмилбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 21-январда 13:00дө ботаникалык бактын ресурстук борборунда башталат.
Назгүл Эмилбекова: келгендер өз колу менен чымчыктарга азыктануучу жай жасашат

Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта канатуулардын тамактануусун жакшыртууга багытталган окутуу өтөт. Бул тууралуу "Ырыстан" коомдук фондусунун ассистенти Назгүл Эмилбекова билдирди. 

"Мастер-класс ишемби күнү түштө ботаникалык бактын ресурстук борборунда башталат. Иш-чаранын максаты өсүп келе жаткан муунду канаттууларды сүйүүгө жана аларга камкордук көрүүгө багытталган. Каалагандар 50 сомдон төлөп катыша алышат. Түшкөн каражат канаттууларга түрдүү азык алуу үчүн жумшалат", — деди Эмилбекова.

Аталган иш-чара ыктыярчылар тарабынан экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Анын соңунда катышуучулар чымчыктарга азыктануучу жайларын жасап коюшат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0