Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: жума күнү мечиттерде кырсыктан жабыркагандарга жардам кутусу орнотулат

© Фото / пресс-служба ДУМК КРПресс-секретарь Духовного управления мусульман Максат Атабаев
Пресс-секретарь Духовного управления мусульман Максат Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-январда учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып өлкө боюнча куран окулат. Бул боюнча буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду.
Атабаев: жума күнү мечиттерде кырсыктан жабыркагандарга жардам кутусу орнотулат

Сокулук районундагы Дача айылындагы авиакырсыктан жабыркандарга жардам көрсөтүү максатында өлкөнүн бардык аймагындагы жума намаз окулган мечиттерде атайын кутучалар орнотулат. Топтолгон каражат атайын ачылган эсепке чегерилет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев билдирди.

"Жума күнү, 20-январда, учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып өлкө боюнча куран окулат. Бул боюнча буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Буйрукка ылайык, өлкө аймагындагы ар бир мечитте мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы жана кырсыктан көз жумган мекендештерибизге арналып Куран окулуп, дуба тилектер айтылат", — деди Атабаев. 

Ал жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында муфтияттын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын которорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0