Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумадилова: авиакырсыктан жабыркагандарга кол сунгандар аттарын атаган жок

© Фото / Темирлан АскеровЫктыярчы Айгүл Жумадилованын аривдик сүрөтү
Ыктыярчы Айгүл Жумадилованын аривдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн конмок. Кыйроонун себептери аныкталууда.
Жумадилова: авиакырсыктан жабыркагандарга кол сунгандар аттарын аташкан жок

Ыктыярчы Айгүл Жумадилова учак кыйрагандыгы тууралуу маалымат таркагандан кийин социалдык тармак аркылуу элге кайрылып, жабыркагандарга колдоо көрсөтүү сунушун бергенин билдирди.

"Тилекке жараша жарандардын көпчүлүгү кырсыкка кайдыгер мамиле жасашкан жок. Жардамга кол сунгусу келгендер арбын болду. Эл колунан келишинче акчалай, азык-түлүк, кийим-кече түрүндө жардам берип жатышты", — деди Жумадилова.

Ал белгилегендей кол сунгандардын дээрлик көпчүлүгү аты-жөндөрүн айтпай эле жардам берүүнү туура көрүшкөн.

"Кечээ эки ирет тамак-аш алып барып бердик. Бүгүн дагы азык-түлүк менен кошо чогулган акчалай каражатты жеткирип бергени жатабыз", — деди ыктыярчы.

Ал каражат топтоону эртеңкиге чейин улантышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0