Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Ашырбаев: Оштогу аэропортко кеткен жолду жаш балдар ойноп тосуп койгон

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев
Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы аэропортко кеткен жолду белгисиз жарандар 12-январда дөңгөлөк жана кирпичтер менен тосуп коюшкан.
Жеңиш Ашырбаев: Оштогу аэропортко кеткен жолду жаш балдар ойноп тосуп койгон

Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев ыкчам иликтөөнүн негизинде жолду тоскон беш бала кармалганын билдирди. 

"Шаардын чыга беришиндеги Шейит-Дөбө аймагындагы жолго кирпичтер менен дөңгөлөктөр коюлуп тосулуп калган. Аэропорт тарапты көздөй жол тарткан жарандар нааразылыктарын билдирип арыз менен кайрылышкан. Ыкчам иликтөөнүн негизинде беш бала кармалды. Алар 16-17 жаштагы өспүрүм балдар болуп чыкты. Сурак учурунда балдар ойноп жатып вулканизацияда турган эски унаалардын тетиктери менен курулуштан калган кирпичтерди тизип салышканын айтышты", — деди Ашырбаев. 

Ал ошондой эле аэропортко кеткен жолдун тосулушунан чоң көйгөй жаралбаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0