Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Төрөбаев: Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тарыхта калышы керек эле

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-январда Бишкек шаарынын мэрлигине шайлоо өтүп, анда мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимов жеңип чыккан.
Бакыт Төрөбаев: Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тарыхта калышы керек эле

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын парламенттин жыйынында билдирди. 

Төрөбаев өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн баса белгиледи. 

"Шайлоо митинг менен башталды. Бул деген эскичиликке кайтуу деп айткым келет. Бул шайлоо тарыхта калышы керек эле. Карап көрсөк, шайлоону биринчи жолу альтернативалуу түрдө өткөрүүгө жол ачылыптыр. Буга чейин эл шайлаган бир учур бар экен. Мэр боло турчулар дебатка келип өзүнүн программасын тааныштырышы керек болчу. Андан да баш тартып коюшту", — деп өзүнүн нааразычылыгын билдирди. 

Эске салсак, шайлоо 11-январда өтүп, анда мурдагы мэр Албек Ибраимов жеңип чыккан

Мэрликке талапкер катары шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Нурдин Абдылдаев менен көпчүлүк коалициядан Албек Ибраимов көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0