Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аида Салянова: соцтармакта "лайк" баскандар жоопко тартылышы мүмкүн

Жазылуу
УКМКнын социалдык тармакта президентке айтылган сындарды текшергени мыйзамсыз. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Аида Салянова: соцтармакта "лайк" баскандар жоопко тартылышы мүмкүн

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК социалдык тармактарда президент Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтиргендердин тизмеги түзүлгөнүн жар салган. 

"Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу. Ошондуктан УКМКнын социалдык тармактарда президент тууралуу ачуу сындарды айткандарды тизмектеши, иликтеши мыйзамсыз. Буга прокуратура укуктук баасын бериши керек", — деди Салянова. 

Экс-баш прокурор УКМК бир гана президентти эмес, бардык жарандарды коргошу керектигин айтып, ушул жүрүш менен кетсек "лайк" баскандар жоопко тартылып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0