Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тынчтык Кожобеков: аймактардагы радиолорду интернеттен тыңдоого жол ачабыз

© SputnikЖурналист Тынчтык Кожобеков
Журналист Тынчтык Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь-февраль айларында Кыргызстандын аймактарындагы 12 радиону интернетке чыгаруу пландалууда.
Тынчтык Кожобеков: аймактардагы радиолорду интернеттен тыңдоого жол ачабыз

Кыргызстандын аймактарындагы радиолорду эми интернеттен укса дагы болорун ТМС компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтык Кожобеков билдирди.

"Январь-февраль айларында Кыргызстандын аймактарындагы 12 радиону Интернетке чыгарабыз. Ошентип аймактарда гана тарткан радиолорду интернет аркылуу угууга болот", — деди ал.

Кожобеков өз сөзүндө өлкө аймагында 14 радио обого чыгарын билдирип, алардын айрымдары Бишкектеги радиолордон бир кыйла сапаттуу экенин айтты. 

Учурда сынамык түрүндө аймактардагы радиолорду интернетке чыгаруу иштери жүрүп, биринчилери ийгиликтүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0