Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жалил Алымкулов: Нарында биринчи бодо мал каттоого алынат

© Фото / Нуразада МукашеваНарын облустук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов
Нарын облустук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоого алынган мал тууралуу маалыматтар электрондук базага киргизилет.
Жалил Алымкулов: Нарында биринчи бодо мал каттоого алынат

Нарын облусунда малды каттоого алуу иштери ушул айда башталарын Нарын облустук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте бодо мал — саан уйлар каттоого алынат. Аларга тагылган биркалар электрондук базага киргизилет.

"Нарын облусундагы бардык мал жандыктарын электрондук каттоого алууну үстүбүздөгү жылдын март айында бүткөрүү пландалууда. Учурда материалдык техникалык жабдыктар алынып, алар орнотулуп жатат. Ар бир айыл өкмөттө адистер, ветеринарлар болуп жетиден киши иштейт. Ал үчүн облуста 320 адам окуудан өттү", — деди ал.

Алымкулов ошондой эле каттоо ишин баштоо үчүн ар бир райондон беш айыл пилоттук болуп тандалганын кошумчалады.

Бирканын баасы 40 сом болсо, кызматтын баасы 30 сом деп бааланган. Алардын баарын мал ээси төлөшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0