Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрнис Осмонбаев: "Одноклассники.ру" сайтынан 20дан ашык профиль өчүрүлдү

© Фото / Данислан АсамадиновСотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев
Сотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы экстремизм жана терроризмди пропагандалаган 270ден ашык шилтеме жана социалдык тармактагы 57 сайтты аныктаган.
Эрнис Осмонбаев: "Одноклассники.ру" сайтынан 20дан ашык профиль өчүрүлдү

2016-жылдын он бир айында Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн 21 сайттын ишмердүүлүгүнө соттун чечиминин негизинде тыюу салынып, сегиз сайттын ишмердүүлүгүн токтотуу маселеси сотто каралууда. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. 

Мындан сырткары, жети сайтка юридикалык баа берүү үчүн материал Башкы прокуратурага жиберилген.

"Одноклассники.ру" социалдык тармагында 20дан ашык профиль аныкталып, жок кылынды. Мындан сырткары, ИИМдин Ыкчам талдоо башкармалыгында профилактикалык каттоодо турган атуулдардын тизмеси такталып, текшерилди", — деп билдирди Осмонбаев.

ИИМ өкүлү экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн 270ден ашык шилтеме жана социалдык тармакта 57 сайт табылганын айтты. 

"68ден ашык сүрөттөр, 19дан ашык видеоматериалдар жок кылынды", — деди ал.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик жана террордук 20 уюмдун ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0