Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Яхье Машрапов: Түркиядан кийим-кече алып келип тирилик кылам

© Фото / Зульфия ТургуноваКР жараны Яхье Машрапов
КР жараны Яхье Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болуп, 39 киши көз жумса, 69 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түркиянын ЖМКлары бул кол салууну кыргызстандык жаран жасашы мүмкүн деген маалымат тараткан.
Яхье Машрапов: Түркиядан кийим-кече алып келип тирилик кылам

КР жараны Яхье Машрапов ЖМКларгы чыгып кеткен паспорт ага таандык экенин айтып, ал Интернетке кантип чыгып кеткенин билбей турганын билдирди. Ошондой эле Түркияда жасалган терактыга эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.

"Түркия мамлекети маалыматты тактап туруп анан жарыяласа жакшы болмок. Анткени бул кабар менин үй-бүлөмдү дүрбөлөңгө салды. Туугандарым менин коопсуздугум үчүн тынчсызданып кабатырлануууда", — деди ал.

Машрапов ал Түркиядан кийим-кече алып келип, тирилик кыларын айтты.

Машраповго байланыштуу окуянын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган атериалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0