Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рада Түмөнбаева: Аксынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысын текшерүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекованын депутаттын ишмердүүлүгүн талкуулаганына нааразы.
Рада Түмөнбаева: Аксынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысын текшерүү керек

Аксы РБББ башчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү керек. Бул тууралуу депутат Рада Түмөнбаева парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Мен буга чейин Аксы эли менен жолукканда мектеп, бала бакча маселеси көтөрүлгөн. Ошондон улам Шатманов атындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Аталган мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлө тургандардын тизмесине кирбей калыптыр. Ушундан улам Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова эл алдында депутаттын ишмердүүлүгүн талкуулаптыр. Анын андай кылууга укугу жок", — деди Түмөнбаева. 

Эл өкүлү Билим берүү жана илим министрлигин Угулай Зыябекованын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0