Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдин Эрматов: кан тапшырган донордун организми 24 саатта кайра калыбына келет

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери Нурдин Эрматов
Жалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери Нурдин Эрматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан борборлору адам өмүрүн сактап калуу үчүн ар дайым донорлорго муктаж.
Нурдин Эрматов: кан тапшырган донордун организми 24 саатта кайра калыбына келет

Жалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери Нурдин Эрматов кан тапшырган донорлор эч кандай зыянга учурабай тургандыгын айтып берди.

"Ден соолугу чың болгон адам ар бир 2-3 айда донор катары канын тапшыра берсе болот. Канда эмне алынарына жараша да болот. Мисалы, эритроцит, тромбоцит же лейкоцит алынышы мүмкүн. Ар биринин көрсөткүчтөрү, мөөнөттөрү бар. 200-300 миллилитр кан тапшырса, донордун каны 24 сааттын ичинде кайра калыбына келет", — деди Эрматов. 

Ошондой эле ал белгилегендей дарыгерлер адамдын каны аз экенин билсе, гемоглобини 120дан төмөн болсо кан тапшырууга жол бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0