Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаш актер Азамат Уланов: эң көп алган гонорарым 1000 доллар болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМолодой актер, квнщик Азамат Уланов
Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 жаштагы актер Азамат Уланов жакында эле Америкага барып кыргыз режиссерлору тарткан "В поисках мамы" аттуу тасмада башкы каармандын образын жаратып келди.
Жаш актер Азамат Уланов: эң көп алган гонорарым 1000 доллар болду

Актердук чеберчилигин "Тамашоу" лигасынан баштаган жаш актер Азамат Уланов учурда бир катар клиптерге, тасмаларга тартылып мектепте окуса да өзүн-өзү камсыз кылат.

"Мен ата-энемден көп акча сурабаганга аракет кылам. Анткени алар да бизди жанталашып багып жатканын көрүп, мен өзүмдү-өзүм камсыз кылгым келет. Тасма, клиптерге катышканда гонорар алам. Аларды дароо апама алып барып берем. Биринчи алган гонорарым 500 сом болгон. Аны апама алып барсам аябай сүйүнүп, ыйлап жиберген. Негизи гонорарлар аткарган эпизодуңа жараша болот. Акыркы тартылган "В поисках мамы" тасмасында башкы ролду жаратып 1000 доллар алдым", — деди Азамат.

Уланов буга чейин "Сен эмне кылмаксың", "Ишен", "Девушка моей мечты", "Бир тууганчики" тасмаларына тартылган. 

Жаш актер Азамат Уланов менен болгон толук маекти кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0