Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аида Салянова: согуш ардагерлеринин сөөгүн мекенине кайтаруу мыйзамы иштебей жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова аталган мыйзам бир жыл мурун кабыл алынганы менен ага эми гана акча бөлүнгөнүнө нааразы болду.
Аида Салянова: согуш ардагерлеринин сөөгүн мекенине кайтаруу мыйзамы иштебей жатат

Согуш ардагерлеринин сөөгүн мекенине кайтаруу мыйзамы иштебей жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Аида Салянова парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Мен бир жыл мурун маселе көтөрдүм эле. Бул согуш ардагерлери жөнүндөгү мыйзам. Ошол мыйзам кабыл алынгандан бери аткарылбай жатат. Ага ылайык, башка өлкөдө курман болгон согуш ардагерлерин мекенине алып келишибиз керек. Араңдан зорго төртүнчү кварталда акча бөлүнүп, ал өздөштүрүлбөй калды. Бүгүн болсо Коргоо комитетинин кызматкерлери керектүү укуктук актылар жок дешүүдө. Эмнени карап отурдуңар?" — деп суроо салды Салянова. 

Эл өкүлү өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбай тургандыгын кошумчалап, ардагерлер көмүлгөн мүрзөлөрдө вандализм фактылар болуп жатканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0