Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: жер силкинүүлөрдөн олуттуу зыян болгон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда үч ирет жер титирөө катталды.
Элмира Шерипова: жер силкинүүлөрдөн олуттуу зыян болгон жок

Жекшемби жана дүйшөмбү күнү таңда болгон жер титирөөлөр олуттуу зыян алып келген жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү саат 11.54тө Казакстанда жер силкинип, анын күчү Кыргызстанда да сезилген. 

"Бүгүн, 19-декабрь күнү, таңкы саат 4.16да очогу Фергана тоо кыркаларында жайгашкан жер титирөө болду. Мындан тышкары, 6.43тө дагы бир силкинүү катталып, анын очогу Жалал-Абад облусунда жайгашканы аныкталды", — деди Шерипова.

Эки учурда тең эч кандай кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0