Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарбек Сариев: Сузак районунда жума базарга тыюу салынды

© Фото / Талгат БакиевГлава Сузакского айыл окмоту Аскарбек Сариев
Глава Сузакского айыл окмоту Аскарбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбек Сариев соодагерлер келип алгандыктан убактылуу болсо да "Достук" паркы тараптан соода-сатыгын жасап алсын деп уруксат бергенин айтты.
Аскарбек Сариев: Сузак районунда жума базарга тыюу салынды

"Жума күнү соода болгондуктан машиналар эч бир тарапка өтө албай туруп калат. Керек болсо аянтка чейин чыгып алышты. Баш аламан соода кылууга тыюу салуу боюнча айылдык кеңештин дагы чечими чыккан. Азыр ошонун негизинде тартипке салып жатабыз", — деди ал.

Сариев ошондой эле келерки жумадан баштап "Достук" паркы жакка дагы соода кылууга уруксат берилбей турганын айтты. Сузак районунун аймагында мынча көп кишинин соода кылуусу үчүн жай жок экенин кошумчалап, жума күнү боло турчу жайма базарга тыюу салынып жатканын баса белгиледи.

Жайма базардын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0