Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: Оштогу кошуналар чыры бычакташууга алып келди

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков
Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында кошуналар ортосунда чыр чыгып, бычакташуу фактысы катталды.
Замир Сыдыков: Оштогу кошуналар чыры бычакташууга алып келди

Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков кошуналар ортосундагы чыр жер тилкесин талашуудан чыкканын билдирди. 

"Кошуна жашаган эки үй-бүлө жер тилкесин талашып чатакташа кеткен. Ата-энесине болушкан жигит алар менен урушуп жаткан эки адамга бычак сайып алган. Жабыркаган эки жаран жергиликтүү ооруканага оор абалда жеткирилди", — деп билдирди Сыдыков.

Шектүү Ош шаардык ИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0