Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жапаров: ар кыл лицензияларды берүүнү токтотуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар лицензия берүү укугунан пайдаланып, акча таап жатат деген пикирде.
Акылбек Жапаров: ар кыл лицензияларды берүүнү токтотуу керек

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мамлекеттик лицензия берүүнү токтотуу тууралуу пикирин парламентте телекөрсөтүүлөр тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. 

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору санариптик телекөрсөтүүлөрдүн өнүгүшүн шарттайт. 

"Биз мамлекеттик лицензия берүүнү азайтышыбыз керек. Ар бир ведомство жаңы лицензия киргизип, акча алалы деп жатат да. Өкмөт мүчөлөрүнүн эсине салып коеюн, 1-январдан тартып бюджеттик кодекс иштеп баштайт. Силердин лицензияңар, штрафыңар парламенттин уруксаты менен иштейт", — деди Жапаров. 

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0