Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Илим Карыпбеков: шайлоодон түшкөн каражатка көчмө студия сатып алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын башкы директору социалдык тармактардын бириндеги баракчасына шайлоо кампаниясынан канал 15 миллион сом киреше тапканын жазып, атургай кайсы партия канча сом төлөгөнүнө чейин билдирди.
Илим Карыпбеков: шайлоолодон түшкөн каражатка көчмө студия сатып алабыз

Өлкөнүн башкы каналы шайлоодон тапкан кирешесинин бардыгын көчмө телестудия сатып алууга жумшайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди. 

"Мен КТРКга жетекчи болуп келгенден бери биздин ишибиз коомчулук үчүн ачык-айрым болушу керектигин айтып келем. Ошондо гана кайсы бир деңгээлде ызы-чуу, айыптоодон кутула алабыз. Ал эми азыркы шайлоодон түшкөн киреше тууралуу айтсам, анын бир тыйынын коротпой көчмө телестудия сатып алганы жатабыз", — деди Карыпбеков. 

Анын айтымында, телеканал парламенттик шайлоодон түшкөн кирешени үстүнө акча кошуп аталган телестудия алуу максатында коротпой кармап келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0