Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дизайнер Талгат Нурдинов: биринчи орунду алган логотипти алты күн тарткам

© Фото / Нурсеит УмаркуловМолодой дизайнер Талгат Нурдинов
Молодой дизайнер Талгат Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дизайнер Талгат Нурдинов Россиянын "Золотая блоха" сынагында баш байгеге ээ болгону сынактын расмий сайтында жарыяланды.
Дизайнер Талгат Нурдинов: биринчи орунду алган логотипти алты күн тарткам

Сынакта баш байгени алган логотипти тартууга алты күн кетти. Бул тууралуу жеңүүчү Талгат Нурдинов билдирди. 

Анын айтымында, айтылуу Брюс Линин элеси чагылдырылган логотип Кыргызстандык дизайнерлер арасында өткөн сынактын финалдык тапшырмасы болчу. 

"Аны аткарууга өтө аз убакыт берилген. Изденүүгө төрт, тартып чыгууга эки күн болуп жалпысынын алты күндө тартып бүткөм. Ошол эле сынактын калыстар тобунун мүчөсүнүн кеңеши менен Россияда өтчү "Золотая блоха" сынанына эмгектеримди жибергем", — деди Нурдинов. 

Дизайнер жыл сайын Россияда "Золотая блоха" сынагына катышып, Брюс Лиге арналган арт-принт логотиби биринчи орунду ээлеген.

Кыргызстандык дизайнер Талгат Нурдиновдун Россияда өткөн сынактагы жеңиши жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0