Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нуржан Шайлдабекова: шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ЦИК Нуржан Шайлдабекова
Председатель ЦИК Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп, референдум болду.
Нуржан Шайлдабекова: шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилген жок

Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгын бурмалоого жол берилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мында аймактык шайлоо участкаларынын мүчөлөрү чоң иштерди жасашкан.

"Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалоого жол берген жокпуз. Шайлоо ачык-айкын жана демократиялуу өттү. Мында аймактык шайлоо участкаларынын эмгеги чоң", — деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, 11-декабрь күнү Кыргызстандын 22 шаары менен 389 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0