Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ӨКМ өкүлү Шерипова: Бишкек — Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу керек экенин кошумчалады.
ӨКМ өкүлү Шерипова: Бишкек — Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүлөт

10-декабрдан тарта Бишкек — Ош унаа жолунда күчөтүлгөн түрдө кар көчкү түшүрүү иштери башталат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар.

"Кар көчкү түшүү коркунучун алдын алуу максатында 10-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137 жана 198-250 чакырымдарында кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат. Тоолордогу карлар аткылоо жолу менен түшүрүлүп, ӨКМдин атайын техникалары менен тазаланат. Бул убактарда жолдор убактылуу жабылат", — деди Шерипова. 

Ал ошондой эле айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0