Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азамат Айтбаев: жаңы мыйзамдын айынан Ысык-Көлдө туристтер азайып кетти

© Фото / Азамат АсановЫсык-Көл облусуна караштуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев
Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанга келген чет элдик жарандарды каттоо боюнча мыйзамды кабыл алышкан.
Азамат Айтбаев: жаңы мыйзамдын айынан Ысык-Көлдө туристтер азайып кетти

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев чет элдик жарандарды каттоо тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин облус аймагында туристтердин саны кескин азайып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Чет элдик жарандарды каттоо тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин туристтердин саны азайды. Эл бир гана туризм менен оокат кылып жатканда оор кырдаал жаралды", — деп билдирди Айтбаев. 

Ал ошондой эле, туристтердин катталуусу үчүн шарттар түзүлбөгөнүн белгиледи. 

"Караколду айтпай эле коеюн башка райондордо катталуу үчүн паспорт столун издеп жөнөө керек. Биздеги көптөгөн кызматкерлер чет тилин билбейт", — деп кошумчалады шаардык депутат. 

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанга келген чет элдик жарандарды каттоого алуу боюнча мыйзамды кабыл алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0