Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетова: сасык тумоого байланыштуу Ак-Талаада беш бала бакча жабылды

© Фото / Аскат Эрменкан уулуАк-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетованын архивдик сүрөтү
Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык көзөмөлдөө кызматы тарабынан бардык мектеп, бала бакчалар текшерилип, жыйынтыгында беш бала бакчада балдардын катышуусу төмөн экени байкалган.
Мамбетова: сасык тумоого байланыштуу Ак-Талаада беш бала бакча жабылды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда сасык тумоого байланыштуу беш бала бакча жабылды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында сасык тумоо катуу жүрүп жаткандыктан санитардык көзөмөлдөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзгөн. 

"Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды алдын алуу координациясы балдардын катышуусу 30 пайызды гана түзүп калган беш бала бакчаны 12-декабрга чейин жабуу чечимин чыгарды. Алар Баетов айылындагы №3 "Тынчтык" бала бакчасы, Кайыңды-Булак айылынын "Чолпон", Коңорчок айылындагы "Кубан Бөбөк", Жерге-Тал айылындагы "Аруу-Нур" жана Жаңы-Тилек айылындагы "Нурал" бала бакчалары. Учурда бакчаларда антисанитардык иш аракеттер жүргүзүлүп жатат", — деди Мамбетова.

Ал ошондой эле сасык тумоодон жабыркап аймактык ооруканаларга кайрылган жана жаткандардын саны азайып калганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0