Маркумдун жактоочусу Муса Алыкулов тергөө амалдары начар жүрүп жатканын айтып, эгерде адилеттүү чечим чыкпаса, анда ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан алып, Башкы прокуратуранын Аскер прокуратурасына өткөрүп берүү боюнча өтүнүч келтирерин кошумчалады.
"Бизди шектендирген жагдайлар өтө көп. Мисалы Эламан 18:30да каза болгон болсо, эмне үчүн аны шаардык ооруканага 20:30да алып келет. Мушташуудан жабыркаган Эламанды окуя болор замат аскер бөлүктүн жетекчилери Тез жардам кызматын чакырып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келбестен, өздөрүндөгү госпиталга алып барышкан. Эмне үчүн? Ошол госпиталдагы фельдшер кызматкердин, аскер бөлүктүн командири Тимурлан Айтмаматовдун берген көрсөтмөлөрү бири-бирине такыр дал келбейт", — деди жактоочу.
Ал ошондой эле алардын максаты шектүү делинген Заирбек уулу Бекболотту каматуу эмес экенин айтып, чыныгы күнөөлүү тарап аныкталып, жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатканын кошумчалады. Андан сырткары, бул кылмыш иши Кылмыш жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде эмес, 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча каралышы керектигин кошумчалады.