Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сапарбү Тобокалова: сасык тумоо маалында дене табын атайылап түшүрүү — чоң катачылык

© Фото / предоставлено Сапарбу ТобокаловойМедицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалованын архивдик сүрөтү
Медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сасык тумоо маалында дене табы 38.5 градустан ашпаса, аны түшүрүүнүн зарылдыгы жок.
Сапарбү Тобокалова: сасык тумоо маалында дене табын атайылап түшүрүү — чоң катачылык

Сасык тумоо маалында дене табын атайылап түшүрүү — чоң катачылык. Дене табынын көтөрүлүшү организмдин ооруга каршы күчү деп эсептелет. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалова билдирди. 

Анын айтымында, сасык тумоо башталган күндөн тарта басып жүрө бербей, төшөккө жатыш керек. 

"Дене табын атайылап түшүрүп, же антибиотиктерди ичүү – чоң катачылык. Колдон келсе, бир канча күн бою бир бөлмөдөн чыкпай койгон туура. Анткени сасык тумоону басып жүрүп өткөрүү өтө кооптуу. Күчөп кетсе, бир айга чейин айыкпайт", — деди Тобокалова. 

Дарыгердин айтымында, сасык тумоону дарылоого "Интерферон" жана "Арбидол" дарыларына Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан расмий уруксат берилген. Бул жары каражаттарынын каршы көрсөтмөлөрү жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0