Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кардиолог Абдраманов: Кыргызстанда жаштар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жатат

© SputnikТүштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов
Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда адамдар оору өтүшүп кеткенге чейин жүрө берсе, эми болсо дарыгерлерге убагында кайрылгандардын саны арбыган.
Кардиолог Абдраманов: Кыргызстанда жаштар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жатат

Жаштар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов билдирди.

Анын айтымында, мурда адамдар оору өтүшүп кеткиче жүрө берсе, азыркылар дарыгерге убагында кайрыла баштады. 

"Көбү кабинеттерде иштеп, жеген тамак менен энергияны сарптоо пропорциясы бузулуп жатат. Мындан улам жүрөк оорулары менен кант оорусу көбөйүүдө. Азыр жаштардын кальян, насвай, чылым чегип жүргөндөрүн көргөндө таң калам. Биз бала кезде аксакалдар чекчү. Кийин совет доорунда такыр бөгөт коюлуп, адамдар сергек жашоонун нугуна түшкөн", — деди кардиолог. 

Мындан сырткары дарыгер жаштар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жатканын да кошумчалады.

"Биздин жаштар өтө эмоционалдуу. Сүйүүнү дагы, кайгыны дагы башкача кабыл алышат. Айтор, бирин-бири таарынтуулар, жүрөк оорутуулар көп болот. Саясатчыларды айтпай эле коеюн. Алар өздөрүн өздөрү оорутушат", — деди Абдраманов.

Кардиолог бир кишинин жаман сөзүнөн элүү пайыз адамдын кан басымы көтөрүлөөрүн айтып, жөндөн-жөн бирөөнүн жүрөгүн оорутпоого чакырды.

Кардиолог Калдарбек Абдраманов менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0