18:42 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Монополияга каршы агенттиктин Атаандаштык жана монополияны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Саткынаалы Сакибеков
© Фото / Нурсултан Султанов

Саткынаалы Сакибеков: өкмөт чечим чыгарса көмүрдүн баасы толук көзөмөлдөнөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
26 0 0

Акыркы кезде өлкөдө көмүрдүн баасы дароо кымбаттап кеткендиктен Экономика министрлиги 90 күнгө чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү керектигин сунуштаган.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги көмүр ташыган ишканаларга көмүрдүн баасын орточо баада белгилеп берет. Азырынча бул сунуш өкмөттө каралып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттиктин Атаандаштык жана монополияны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Саткынаалы Сакибеков билдирди.

Анын айтымында, өкмөт аталган сунушту кабыл алса, агенттик бааны толук көзөмөлдөөгө алат.

"Чечимден кийин баа коюу боюнча экинчи алып сатуучулар арасында 90 күндүк чектөө киргизели дегенбиз. Эгерде базар баасы бир айдын ичинде 20 пайызга жана андан жогору өскөн болсо атаандаштык мыйзамы боюнча агенттик чектөө киргизе алат", — дейт Сакибеков.

Ошондой эле, ал аймактардын негизги базаларында көмүр бар экенин, эл ошол жерлерден барып алса базар баасына караганда арзаныраак боло тургандыгын белгиледи.

Тема боюнча

Өкмөт көмүрдүн кымбатташын жөнгө салуу аракетинде
Белгилер:
монополия, көмүр, баалар, Саткынаалы Сакибеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ