07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Дордой соода-базар комплексинин жетекчиси Жумабек Салымбеков
© Фото / Азамат Ражапов

Жумабек Салымбеков: "Дордой" толугу менен жабылган жок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
"Дордой" базарынын чатыры урады (15)
103110

Базардын жетекчилиги "Дордой" толук жабылган жок деп билдирди.

"Дордой" базары толугу менен жабылган жок. Аталган соода-базар комплексинин башка базарларында 2-3 өтмөк жабылган, ал эми калгандары кадимки калыбында иштеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Дордой" соода-базар комплексинин жетекчиси Жумабек Салымбеков билдирди.

"Дордойдо" баш-аягы болуп, 17 субъект бар. "Алкан" базарында өтмөктүн чатыры карды көтөрө албай кулап түштү. Учурда кар калың жаап, 35 сантиметрге чейин жетип, чатырларга оордук келген. "Дордой" базары толугу менен жабылган жок. Башка базарларда 2-3 өтмөк жабылган, ал эми калгандары кадимки калыбында иштеп жатат. Шаардыктарды, туристтерди кабыл алып жатабыз", — деди.

Салымбеков базардагы кырсыктан жабыр тарткандарга компенсация берилерин айтты.

"Администрация тараптан жабыр тарткандарга толук жардам берилет. Муну көзөмөлгө алабыз. Андан сырткары өзүбүз да жардам бергенге даярбыз", — деди ал.

Салымбеков учурда коркунуч жоктугун, коопсуздук, курулуш, монтаж топтору абалды карап, текшерип, көзөмөлдөп иштеп жатат деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, 29-ноябрда Борбор Азиядагы ири базар "Дордой" соода-базар комплексинин аймагындагы "Алкан" базарында негизги өтмөктүн чатыры түшүп кетип, кишилерди басып калган. Андан жабыркаган беш киши Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Тема:
"Дордой" базарынын чатыры урады (15)

Тема боюнча

Гуля Алмамбетова: бүгүн "Дордой" базары убактылуу жабылды
"Алкан" базардагы кырсыктан эки казак, үч кыргыз жараны жабыркаган
"Дордой" базарындагы урап түшкөн чатырды соодагерлер өзүлөрү тазалашты
Белгилер:
чатыр, кырсык, кар, "Дордой" базары

ЭҢ МААНИЛҮҮ