12:08 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба МЧС КР

ӨКМ өкүлү Шерипова: Бишкектеги өрттөн 750 чарчы метр аянт күйдү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектин 7-кичи районундагы өрт (11)
67 0 0

Токомбаев көчөсүндөгү өрттө "Ковчег Южный" чиркөөсү толугу менен күйүп, жанындагы жеке мектеп жарым-жартылай жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Аалы Токомбаев №46 дарегинде жайгашкан мекеме күйүп жатат деген маалымат өрт өчүрүү кызматына эртең мененки саат 8.40 түшкөн. Өрт өчүрүү үчүн сегиз бөлүм тартылды. Өрт чыккан аймакта Бишкек шаардык куткаруу кызматы, Бишкек шаардык ӨКМ ыкчам тобу, кризистик кырдаалдар башкы борборунун кыймылдуу пункту, Тез жардам кызматы иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча 750 чарчы мерт жер күйүп кетти", — деп билдирди Шерипова.

Шерипова имараттын сырты пенопласт менен капталып, өрт өчүрүүчүлөр суу ала турган гидранттар коюлбагандыгын айтышкандыгын кошумчалады.

Тема:
Бишкектин 7-кичи районундагы өрт (11)

Тема боюнча

Кабарчы: мектептеги өрт өчүрүлүп, жанындагы чиркөө жалындап күйүүдө
Тез жардам: Бишкектеги жеке мектептеги өрттөн жабыркагандар жок
Белгилер:
куткаруучу, Өрт, ӨКМ, Элмира Шерипова

ЭҢ МААНИЛҮҮ