Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: бүгүндөн тарта күн 10 градуска жылып, кар көчкү коркунучу күчөйт

© Фото / Элмира ШериповаӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү
ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жумада аба ырайы кескин жылып, өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү жүрүп, дарыяларда муздардын көтөрүлөрү күтүлүүдө. Бул боюнча ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Бүгүндөн тарта күн 10 градуска жылып, кар көчкү коркунучу күчөйт

Бүгүндөн тарта күн 10 градуска жылып, кар көчкү коркунучу күчөйт. 

"28-ноябрдан тарта 3-декабрга чейин аба ырайынын кескин жылып, күндүзү 10 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Ошондуктан тоолуу аймактарда кар көчкүлөр жүрүшү ыктымал. Мисалы, Бишкек — Ош, Кара-Кулжа — Алай-Куу, Каракол — Эңилчек жана башка унаа жолдордо коркунуч жаралат. Андыктан аймактардагы жолдорго чыккан айдоочуларга унаалардын арасында 500 метр аралыкты сактоого чакырабыз", — деди Шерипова. 

Маалыматка караганда бул апта бою аба ырайы күндүз 10 градуска чейин жылыса, түнкүсүн 4 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0