Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмирбек Иманалиев: Токтогулдун өнөктөшү Эшмамбеттин түздөн-түз чөбөрөсүмүн

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев акындык өнөрдү кантип аздектеп калганын айтып берди.
Элмирбек Иманалиев: Токтогулдун өнөктөшү Эшмамбеттин түздөн-түз чөбөрөсүмүн

Андан сырткары акындык өнөргө эрте аралашканын да белгиледи.

"Залкар акын Токтогулдун өнөрдөгү өнөктөшү Эшмамбеттин түздөн-түз чөбөрөсүмүн. Экинчиден өнөргө абдан эрте аралаштым. Жетинчи классты аяктап эле борбордон окуумду улантып, ошол эле кезде музыкалык билим алып, айтыштарга катышып келдим. Устатым Кыргызстандын Эл артисти, залкар акын, ыраматылык Тууганбай Абдиев болгон. Башаты ошол кишиден болду. Албетте чыгармачылыкка аралашып не бир шумдук чөйрөлөрдү көрдүм. Бала дебей көп нерселерди сүйлөп берип отурушчу экен", — деп эскерет акын.

Ошондой эле улуу инсандар Түгөлбай Сыдыкбеков, Шүкүрбек Бейшеналиев, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу кыргыздын залкарларын көрүп калганына сүйүнөрүн кошумчалады.

Элмирбек Иманалиев менен болгон маекти бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0