Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Төрөбаев: жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, бир эле дарекке көп адамдар катталууда.
Бакыт Төрөбаев: жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүн

Алдыдагы шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатам. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. 

"Парламенттик шайлоо жаңы технологиялар менен өттү. Анда эч ким нааразы болгон жок. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатабыз. Бир дарекке көп адамдарды каттап жатышат. Алардын бул дарекке тиешеси жок", — деди Төрөбаев. 

Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0