Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскелди Момбеков: "Дыйкан" базарын жабууга жеке адамдар кызыкдар

Жазылуу
Жеке кызыкчылыгы бар адамдар "Дыйкан" базарын жабууну көздөөдө. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Рыскелди Момбеков: "Дыйкан" базарын жабууга жеке адамдар кызыкдар

Эске сала кетсек, шаардык мэрия түшкөн арыздардан улам "Дыйкан" базары жабылаарын билдирген.

"Аталган базардын сатуучулары мага кат менен кайрылышкан. Андан соң митингге да чыгышты. Ал жерде кышкысын 700, жайкысын 3000ге чукул адам оокатын кылат экен. Бүгүн базарды мэрия менен акимчилик жабабыз деп жатат. Базар өкмөттүн токтому менен ачылган, андыктан мэрияны аны жабууга укугу жок", — деди депутат.

Момбеков базарды жабууга жеке адамдар кызыкдар болуп жатат деген пикирин кошумчалады.

"Көрсө, "Дыйкандан" 500 метр алыс жерге жаңы базар ачылып жатыптыр. Соодагерлерди зордоп ошол жакка көчүрүү аракети көрүлүүдө. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болуп жатат", — деди ал.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча жумушчу топ түзүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0