Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Расулбек Кадыров: Ош облусунда 92 кеңеште шайлоо жана референдум өтөт

© Фото / Зульфия ТургуноваКоординатор ЦИК по Ошской области Расулбек Кадыров
Координатор ЦИК по Ошской области Расулбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун аймагында 11-декабрь күнү 72 кеңеште жергиликтүү шайлоо өтөт. Анын ичинде бир шаардык, тактап айтканда, Өзгөн шаардык кеңешине депутаттар шайланат.
Расулбек Кадыров: Ош облусунда 92 кеңеште шайлоо жана референдум өтөт

Ош шаарында референдум гана өтөрүн БШКнын Ош облусу боюнча координатору Расулбек Кадыров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Анын айтымында, учурда Ош облусунда жалпы 580 миң шайлоочу катталган. Ал эми облус боюнча жалпы 92 кеңештин 72синде гана жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлөт. Калган 20 кеңеште референдум гана болот.

"Шайлоо күнү участкаларга экиден урна коюлат. Бири рефендум боюнча, ал эми экинчиси айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча. Эки шайлоо бир мезгилде болгондуктан бул шайлоочуларды баш аламандыкка алып келбейби деген суроо туулуп жатат. Жок, андай болбойт. Анткени референдум боюнча берилген бюллетенге "ооба" жана "жок" деген гана пункт жазылган", — деди ал.

Кадыров депутаттарды шайлоо боюнча бюллетенде талапкерлердин аты-жөнү жазылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0