Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бабанов: 40 млн. сом карызы бар деп Токмоктогу балдар үйүнө жылуулук берилбей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү кыштын суугунда балдарды тоңдурбай, маселени тез аранын ичинде чечүү керектигин айтты.
Бабанов: 40 млн. сом карызы бар деп Токмоктогу балдар үйүнө жылуулук берилбей жатат

Токмоктогу балдар үйүнө, мектепке, бала бакчага жана 3-4 үйгө 40 миллион сом карызы бар деп жылуулук берилбей жатканын "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, мындай көйгөй бар экенин Токмок шаарынын тургундары депутаттын Facebook баракчасына жазышкан.

"Имараттардын ичи 10 градус эле жылуу экен. Бишкектен 60 чакырым алыс турган жерде жылуулук жок болгону кандай? 40 миллион сом карызы бар деп эле жылуулук бербей коюш керекпи? Өкмөт керек болсо ошону сүйлөшүп туруп, жаап туруп берсе болот эле да. Балдар үйүндө жашап жаткан балдарды карызы бар экен деп суукка тоңдурабызбы?" — деп суроо салды депутат.

Бабанов ошондой эле Токмоктогу социалдык имараттардын барына жылуулук берилди деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, бул маселени тез аранын ичинде чечүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0