Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбай Жээнбеков: былтыр бюджеттин чыгашасы кирешеден 7 млрд.сомго көп болду

Жазылуу
Премьер-министр киреше 113,9 миллиард сом болсо, чыгаша 120,4 миллиард сомго чыкканын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков: былтыр бюджеттин чыгашасы кирешеден 7 млрд.сомго көп болду

2015-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 113,9 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламентте 2015-жылдын бюджети тууралуу отчет берип жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, ушул тапта Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн курамы бюджет боюнча отчет берип жатат. 

"Өткөн жылы дүйнөлүк каатчылыкты эске алуу менен 2015-жылы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 113, 9 миллиард сом болду. Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 120,4 миллиард сомду түздү", — деди Жээнбеков. 

Өкмөт башчынын мындан сырткары 2017-2018-жылдарга карата бюджеттин божомолу тууралуу маалымат берүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0