Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдинов: миллион доллар үчүн өзүн "өлдү" деп жарыялаган кишинин эстелиги табылды

© Фото / Зульфия ТургуноваИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов
ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда туулган 31 жаштагы жаран АКШдан миллион доллар өндүрүү үчүн өзүн "өлдү" деп жарыялаган.
Нурдинов: миллион доллар үчүн өзүн "өлдү" деп жарыялаган кишинин эстелиги табылды

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов шектүү жаран башка адамдын мүрзөсүнө өзүнүн эстелигин орнотуп койгонун билдирди. 

"Аталган жаран Ош облусунун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бирине эстелик таш койдурган. Анда ал 1985-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгону көрсөтүлгөн. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы ал адам тирүү экенин көрсөттү", — деп билдирди Нурдинов. 

Анын айтымында изделип жаткан жаран АКШнын жарандыгын алып өзүн бир миллион долларга камсыздап койгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0