Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: РФте жардыруу кылат дегендер арасында КР жарандарынын бар-жогу такталууда

© Фото / пресс-служба ГКНБРуководитель пресс-службы ГКНБ Рахат Сулайманов
Руководитель пресс-службы ГКНБ Рахат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жана Борбор Азияда теракт жасоого аракет кылган деп кармалгандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тактап жатат. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Сулайманов: РФте жардыруу кылат дегендер арасында КР жарандарынын бар-жогу такталууда

"Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттери менен биргеликте Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде 13-ноябрь Москва жана Санкт-Петербург шаарында диверсиялык топтун ишин алдын алды. Ага жалпысынан алганда Борбор Азия республикасынын бир нече атуулдары кирген", — деп билдирди Сулайманов. 

Кармалгандар Москва менен Санкт-Петербургдан сырткары Борбор Азия аймагында теракт жасоону пландашкан делинүүдө.

"Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети алардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун тактап жатат", — деди Сулайманов.

Эскерте кетсек, ишемби күнү, 12-ноябрда Россияда автомат жана жардыруучу заттарды пайдалануу менен эл көп чогулган жерде теракт жасоону пландаган 10 киши кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0