Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Табылды Актанов: Тоңдогу "Манасчылар ордосуна" Тыныбек манасчынын аты ыйгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда залкар манасчы Тыныбек Жапый уулунун 170 жылдыгы белгиленип жатат.
Табылды Актанов: Тоңдогу "Манасчылар ордосуна" Тыныбек манасчынын аты ыйгарылды

Манасчылардын атасы атыккан Тыныбек Жапый уулунун аты ыйгарыла турчу Манасчылар ордосунун курулушу башталганын залкар манасчынын урпагы, белгилүү актер Табылды Актанов билдирди.

Анын айтымында, комплекс Тоң районунун Кайнар айылында жолдун жээгине курулат.

"Тыныбек чоң атамдын киндик каны ушул Кайнарга тамган. Курулуп жаткан комлекс 11-12 сотых жерди ээлеп, ичинде музей, жатакана, ашкана, көрүүчүлөр үчүн зал болот. Мындан аркы Манаска, манасчыларга байланышкан маанилүү иш-чаралар ушул жерде өтүшү болжолдонууда", — деди Актанов.

Ал комплекстин курулушу жеке ишкер Азиза Мамбетказиева тарабынан каржыланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0