Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапар Бекматов: шайлоодо добушун саткандар да жоопко тартылмай болду

© Фото / Зульфия ТургуноваЗаместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов
Заместитель председателя ЦИК Абдыжапар Бекматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңешке шайлоо белгиленген.
Абдыжапар Бекматов: шайлоодо добушун саткандар да жоопко тартылмай болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. 

Анын айтымында, учурда референдум менен жергиликтүү кеңештерди шайлоо алдында добуштарды сатып алуу жана сатууну алдын алуу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатат. 

"Буга чейин шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Мурда добуш сатып алган партия, партиянын өкүлдөрү же жакындары жооп берчү. Эми болсо добушун саткандар жана сатууга түзмө-түз тиешеси бар адамдар дагы жоопко тартылат", — деп билдирди Бекматов.

Ал белгилегендей, БШК, прокуратура, милиция кызматкерлери добуштарды сатууга жана сатып алууга бөгөт коюу үчүн атайын жыйын өткөрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0