Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбек Куренкеев: арак өндүрүшүн тескеген мыйзамга жылына 2-3 толуктоо киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСпирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев
Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спирт ичимдиктерин кечинде сатууга тыюу салуу боюнча демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев өз оюн Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн жыйында билдирди.
Турсунбек Куренкеев: арак өндүрүшүн тескеген мыйзамга жылына 2-3 толуктоо киргизилет

Куренкеев айрым депутаттар арак өндүрүшүн тескеген мыйзам долбооруна жылына эки-үч жолу толуктоо киргизерин айтты. Ошондой эле мындай демилгелерди айрым депутаттар тигил же бул компаниянын кызыкчылыгы үчүн көтөрүп чыгышарын жашырган жок. 

Куренкеев мыйзамга тез-тезден эле өзгөртүү киргизе бербей, тармактык адистер менен биргеликте беш жыл кынтыксыз иштей турган мыйзам иштеп чыгуу керектигин баса белгиледи.

"Депутаттар тармактык адистер менен чогуу беш жыл кынтыксыз иштей турган жакшы мыйзам түзүп, шарт түзүп берсек сонун болмок. Жылына эки-үч толуктоо киргизилип жатса, ишкерлер кантип иштейт", — деп суроо салат ал.

Куренкеев ири дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктеринин 80-90 пайыз четтен келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0