Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбек Бабанов: Абулгазиев, депутаттарды ушактаганды токтотуңуз

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов вице-премьерлердин санын кыскартуу керек деген пикирде.
Өмүрбек Бабанов: Абулгазиев, депутаттарды ушактаганды токтотуңуз

Мухамметкалый Абулгазиев, депутаттар тууралуу ушак таратканды токтотуңуз! Мындай пикирин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү каралып жатканда билдирди. 

Бабанов эмне үчүн мурунку ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кызматтан кеткенине кызыгып, биринчи вице-премьерликке сунушталып жаткан Мухамметкалый Абулгазиевдин дарегине ачуу сындарды айтты. 

"Мухамметкалый Абулгазиев, сиз биринчи вице-премьерликке татыктуу эмессиз. Депутаттар тууралуу ушактарды айткандын ордуна экономиканы өнүктүрүү керек. Депутаттар тууралуу ушак айтканды токтотуңуз. Мындан сырткары, вице-премьерлердин санын кыскартуу керек", — деди Бабанов. 

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Сооронбай Жээнбеков ИИМде реформа кечеңдеп кеткендиктен улам Кашкар Жунушалиев кызматтан алынганын айтып, вице-премьерлердин өз милдеттери бар экендигин кошумчалады. 

Ал эми Абулгазиев бир гана иш тууралуу сүйлөй турганын айтып, Бабановду фактылардын негизинде сүйлөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0